2 сезон - эпизод #4 Үмүт жараткан жолдор: жол салууyнун коомго таасири жана колониялдык түшүнүктөрдүн изи

Sanaalash - Un pódcast de Sanaalash

Categorías:

Бүгүнкү коногум, Зарина Урманбетова. Зарина коом жана маданият таануучу антрополог, Женева Жогорку Институтунун постдоктордук илимий изилдөөчүсү. Колониялдык саясат жана деколонизация деген түшүнүктөр эмнени билдирет? Колониялдык ой жүгүртүү ар бирибиздин күнүмдүк турмушубузда кандай ролду ойнойт? Бул олуттуу суроолордон тышкары, коногумдун Кыргызстанда жолдордун салынышын изилдеген диссертациясы боюнча да кеп кылып кеттик. Бул жумушунда, Зарина түштүк менен түндүктү байланыштыра турган жол салуу маселесин караштырып, Тогуз Тородо жашаган элдердин үмүтүн, жаңы салынган жол менен айкалышкан кыялдарын талдап кеткен.